”Кызматын кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен өткөн айда Ленин райсоту Адамбековду төрт жылга эркинен ажыраткан болчу. Мындай чечимге макул болбогон Догдурбек Адамбеков Ленин райсотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна арыз жолдогон. 5-сентябрда Шаардык сот ишти кароону баштап, бирок анын адвокатынын өтүнүчү менен 13-сентябрга жылдырган. (ZMa)