Түшкө чейин Калвитис Өкмөт үйүндө премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашат. Андан соң эки өлкө ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлмакчы. Кыргызстан менен Латвия ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылы 18-мартта түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата эки өлкө арасында эл аралык сегиз жана тармактар аралык беш келишим түзүлгөн. (ZMa)