Лиссабондо иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Борис Тадич Косовонун келечек макамы тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана шайлоо өткөрүүгө азырынча убакыт жете электигин айтты. Косоводогу калктын көпчүлүгүн түзгөн албандар Сербиядан бөлүнүүнү талап кылып келет. Ырасмий Белград болсо, Косовонун көз карандысыздыгына макул эмес.