Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

12:33 14-cентябрда Конституциялык сот ноябрь жана декабрь конституцияларын жокко чыгаруу боюнча арызды карайт


Арыз менен Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков жана Мелис Эшимканов кайрылган. Декабрь конституциясын жокко чыгаруу арызы менен «Арнамыс» партиясынын бир катар мүчөлөрү да кайрылган. Арызда конституциянын акыркы редакцияларын кабыл алууда 2003-жылкы конституция бузулгандыгы белгиленген. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков конституциялык сот ноябрь, декабрь конституцияларын жокко чыгарып, 2003-жылкы конституцияга кайтып келүү чечимин кабыл алышы ыктымал деген чочулоосун бүгүн билдирди. Парламенттин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев Карабеков жана Эшимкановдун арызы негизсиз экенин «Азаттыкка» билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG