Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

ЖАМИН АКИМАЛИЕВ: КҮЗДҮК БУУДАЙ АЙДАГАНГА ШАШУУ КЕРЕК


«Азаттыктын» маектеши агрардык илим боюнча белгилүү окумуштуу, Дыйканчылык институтунун директору, академик Жамин Акималиев болду.

- Өзүңүз билесиз нанга баанын көтөрүлүшүнүн бир себеби, дан эгиндерин өстүрүүгө Кыргызстандын өзүндө маани берилбей жатышы менен түшүндүрүлдү. Буга ким күнөөлүү сиздин оюңузча, дыйкандарбы, же өкмөт айыл чарба саясатын жүргүзө албай жатабы?

- Ар кандай шылтоолорду айтып атышат биздин өкмөттүн өкүлдөрү дүйнөлүк тенденция деп. Нандын кымбаттап кетишинин негизги себеби кийинки жылдарда айыл-чарбасына көңүл бурулбай калып, дыйкандарга жардам жок болуп, жалпы данды өндүрүү, ошонун ичинде буудайды өндүрүүнүн кескин түрүндө азайып кеткендигинде. Бизге үрөндү кошкондо 5 млн. элди нан менен камсыз кылыш үчүн 1 млн. 200 миң тонна буудай керек. Быйыл болсо 700 миң тоннанын тегерегинде гана буудай өндүрүлүп атат. Кептин баары ушул жерде, кептин баары өзүбүздө.

- Азыр күздүк айдоо маалы келип калды. Өкмөт болсо үрөн бергени жатканын эки күн мурун парламентте билдирбедиби. Өкмөт дыйкандарга өз маалында жеткиргенге үлгүрөр бекен, азыр кеч болуп кала элекпи?

- Жеткирбесе болбойт. Себеби совет доорунда ишти алдыга жүргөнүнүн натыйжасында биз 2 млн. тоннага чейин дан өндүргөнгө жетишкенбиз. Ошол кезде айдалып аткан буудайдын 70-80 пайызы күздүк буудай болгон. Анткени, биздин тажрыйбанын негизинде күздүк буудай жаздык буудайга караганда түшүмдү 35 пайызга көп берет. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып ошонун негизинде түшүм алганбыз. Кийинки жылдарда эмне болуп атат, тескерисинче 70-80 пайыз жаздык буудай айдалып атат да. 20 пайызы күздүк буудай айдалып, ушунун эсебинен эле биз 30 пайыз түшүмдү жоготуп атабыз. Ошондуктан, эгерде быйыл Кыргызстанда жок дегенде 350 миң гектар жерге күздүк буудай себилип калса, анда эмдиги жылы биз элибизди дан менен камсыз кылууга шарт түзөбүз дегенди билдирет.

- Азыр мисалы канча гектар жерге айдоо болжолдуу план бар?

- Болжолдуу план менин оюмча, мисалы, буудайдын аянты жарым млн. гектар болсо, ошонун 350 миң, колдон келсе 400 миң гектарынa күздүк буудайды себүүгө аракет кылыш керек. Биздин институт чыгарган күздүк буудайдын абдан мыкты сорттору бар, 65-70 центнерден берген бул кыял, тилек, акыл деген сорттор. Андан тышкары күздө да, жазда да себиле турган эки мыкты сортубуз бар. Бул интенсивдүү жана минерал сорттор. Булар түшүмдү абдан жакшы берет. Күзүндө себүүнү шашылыш керек. Күздүк буудайларды өзүнүн илимий мезгилде аныкталган мөөнөтүндө себиш керек. Эгерде кечигип ноябрда сепсе, анда ооруну өлүм ашкерлейт болуп анын пайдасы тийбей калат. Ысыккөлдө шашыш керек, эмитен эле жерди сугарып айдап, аны жаңыртып, сентябрдын он бешинен баштап октябрдын он бешине чейин бүтүп коюш керек. Ал эми Чүй, Талас, Түштүктө сентябрдын жыйырмасынан баштап октябрдын жыйырмасында бүтүш керек. Эгерде күздүк буудайыбызды жылдагыдай ноябрда сепсек, анда өнүп чыккан жакшы өсүмдүктөрдү үшүк алып кетет дагы зыяны тиет. Мына ушуну сакташ керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG