Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

КАШАГАН КАНТЕТ? АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ


Казакстанда апта башында өкмөт менен италиялык компания баштаган эл аралык концорциумдун ортосунда дүйнөдөгү эң ири мунай кендердин бири – Кашаганды өздөштүрүүнүн келечеги боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Бирок азырынча натыйжа чыга элек.

Дүйнөдө 1960-жылдардан кийин ачылган мунай кендердин эң ириси деп эсептелген – Кашагандын кору кеминде 7-миллиард баррелге бааланып жүрөт. Каспийдин түндүк жээгинде жайгашкан кенди иштетүү укугун италиялык ENI компаниясы баштаган эл аралык концорциум өзүнө алган эле. Ага Royal Dutch Shell, Exxon Mobil өңдүү батыштык белгилүү мунай өндүрүүчү компаниялар кирет. Эл аралык концорциум кенден мунай өндүрө баштоону адегенде 2005-жылга убада кылган эле. Бирок бул мөөнөт улам кийинкиге калтырып, соңку ирээт быйыл август айында мунайды мурда белгиленгендей 2008-жылы эмес, 2010-жылдын экинчи жарымында гана өндүрө аларын маалымдаган болчу. Ага катар ENI кенди өздөштүрүүгө кетe турган чыгым баштапкы 57 миллиард доллардын ордуна 136 миллиардга чыгарын билдирген.

Албетте, казак тарап буга нааразы болду. Анткени жергиликтүү экономисттердин айтымында, мурда жетишилген келишимдерге ылайык кенди өздөштүрүүгө кеткен чыгым толук жабылмайынча Казакстандын казынасына каражат түшпөйт. Ал эми чыгымдын өскөнү казынага каржат түшүүчү мөөнөт артка жылат дегенди туюндурат. Ал эми ошол учурда кайра майдын бир баррелинин баасы азыркыдай 70%доллардан ашуун болоор-болбосу белгисиз. Борбор Азияга адистешкен "Eurasianet" интернет сайтынын жазганына караганда, италиялык ENI компаниясы долбоордун создуктурулушу менен кыбатташын Кашаган өздөштүрүүгө татаал кен экенине жана мунай тармагында кызмат көрсөтүүчү фирмалардын акысы өскөнүнө байланыштырган.

Айтор өткөн айдын соңунда казак өкмөтү долбоор создуктурулганына жана кыбаттаганына кошумча экологиялык эрежелер бузулганын жүйөө кылып, ал жердеги иштерди үч айга токтоткон болчу. Ал эми өткөн аптада казак премьери Карим Масимов өлкөнүн улуттук компаниясы "Казмунайгаздын" Кашагандагы үлүшү көбөйтүлүшү керектигин айтып чыккан:

- Өлкөнүн президенти айткан талаптар менен тапшырмаларга ылайык биз Казмунайгаз операторлордун бир болушу зарыл деп эсептейбиз. Канча пайыз алышы керектиги тууралуу мен азыр айтпайм.

Казак премьери эгер маселе чечилбесе өкмөттө башка план да бар экенин кошумчалаган эле. "Казмунайгаздын" Кашагандагы үлүшү азыр 8,3%га гана барабар.

Апта башында Астанада ENI компаниясынын жетекчиси Паоло Скарони менен өткөн сүйлөшүүлөрдү, премьер-министр Карим Масимов белгилегендей, казак тараптын баардык камтамачылыктары айтылды. Ал эми өлкөнүн энергетика жана минералдык ресурстар министри Сыуат Мыңбаевдин айтымында, Казакстан талашты чечүү үчүн ачык диалогду жактайт, бирок Кашанганды иштетүүгө байланышкан маселе саясатташтырылбашы абзел. Кашагандын келечеги тууралуу ушул аптада казак парламентинде сөз болду. Депутаттардын бири Эрлан Нигматуллин ENI компаниясы баштаган концорциумду Казакстаннга зыян келтирип жатканы үчүн айыптады:

-Өндүрүлгөн продукцияны бөлүүнүн өзгөчөлүгүн жана чыгымдар дароо көбөйүшүн эске алганда, биздин өлкөгө гана тиешелүү киреше дароо азайып, Казакстанга экономикалык зыян алып келет.

Мурдараак казак расмий өкүлдөрү Кашагандан мунай казуу кечиккенден улам келтирилген чыгым үчүн аны иштетүү укугун алган концорциумга өкмөт 10 миллиард доллардык доо коюшу мүмкүн экенин билдиришкен эле.

"Eurasianet" интернет сайтынын жазганына караганда, казак өкмөтү эгер ЕNI компаниясы баштаган концорциум менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, Кашаганды өздөштүрүүнү Орусиянын "Лукойл" компаниясына сунуш кылышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG