Депутат Дооронбек Садырбаев эртең парламенте Аксы окуясы боюнча иликтөө жүргүзгөн парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын жарыя кылып, анын негизинде 41 адамга кылмыш ишин козгоо жөнүндө Башкы прокуратурага сунуш менен чыкмакчы. Депутат жоопко тартууну талап кылып жаткан жетекчилердин арасында президент администрациясынын мурдагы жетекчиси А. Карыпкулов, мурдакы мамлекеттик катчы О.Ибраимов, мурдагы башкы прокурор Ч.Абышкаев, мурдагы ички иштер министри Т. Акматалиев, мурдагы вице-премьер К. Осмонов, ошондой эле «Кыргыз туусу» гезитинин мурдагы баш редактору А.Матисаков, Улуттук телерадиокорпорациянын мурдагы президенти Б. Мамбетакунов, «Эркин-тоо» гезитинин мурдагы баш редактору Э.Калдаров, алардан сырткары катардагы беш журналист бар. Д.Садырбаев ошондой эле жарандардын тынчтык жүрүштөрдү уюштурууга болгон укугун камсыз кылбагандыгы үчүн президент К. Бакиевди, экс-президент А.Акаевди жана Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновду кол тийбестик укугунан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунушту депутаттардын колуна салмакчы. Бул жөнүндө маалыматты бүгүн депутат Д. Садырбаев «Азаттыктын» кабарчысына өзү ырастады. (KCh)
19:57 Д. Садырбаев Бакиевди жана Акаевди кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуш кылууда