Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

8:14 “Хабитат-Кыргызстан” кору бүгүн камыштан жасала турган үйлөрдүн долбоорун сунуш кылат


Фонддун Бишкектеги кеңсесинен маалымдалгандай, бул долбоор турак-жай маселесин чечүүгө салым кошот. Өткөн жылы аталган фонд камыштан үй курууга Дүйнөлүк банктын грантын утуп алган. Анын негизинде, курулуш үчүн 116 миң 389 доллар бөлүнгөн болчу. Бул каражатка камыштан он турак-жай курулат. Долбоордун өзгөчөлүгү – турак-жайда камыш колдонулуп, байыркы ыкма менен учурдагы технологиялар айкалыштырылып курулат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG