Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Айжан Касымалиева билдирди. Анын айтымында, Арыкованын ишин дагы бир адвокат, Нина Зоотова алып барат. Эки адвокат бүгүн Биринчи май райондук сотуна жана Жогорку сотко Ж. Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз менен кайрылат. Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкова “тыңчылык кылган” деп шектелип, 19-июндан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында кармалып отурат. (ZMa)