Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:16

8:47 Конституциялык сот бүгүн ноябрда кабыл алынган Баш мыйзамга байланышкан арызды карары күтүлүүдө


Ноябрда кабыл алынган Баш мыйзамды жокко чыгаруу боюнча арыз менен Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков жана Мелис Эшимканов кайрылган. Мындан сырткары, декабрь Конституциясын жокко чыгаруу арызы менен «Арнамыс» партиясынын бир катар мүчөлөрү да кайрылган. Арызда Конституциянын акыркы редакцияларын кабыл алууда 2003-жылкы баш мыйзам бузулгандыгы белгиленген. Кечээ кечке жуук Конституциялык сотто “Арнамыс” партиясынын мүчөлөрүнүн арызы каралбай турганы маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов билдирди. “Бизге сотто депутаттардын гана арызы карала турганы айтылды. Бирок биз бул багытта ишибизди токтотпойбуз”,-деди А. Баялинов. Кечээ Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Эркин Алымбеков конституциялык сот ноябрь, декабрь конституцияларын жокко чыгарып, 2003-жылкы конституцияга кайтып келүү чечимин кабыл алышы ыктымал деген чочулоосун билдирген болчу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG