Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

8:52 Бүгүн депутат Д. Садырбаев парламенте Аксы окуясы боюнча иликтөө ишинин жыйынтыгын жарыя кылат


Парламенттик комиссия жүргүзгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгынын негизинде депутат 41 адамга кылмыш ишин козгоо жөнүндө Башкы прокуратурага сунуш менен чыкмакчы. Алардын арасында президент администрациясынын мурдагы жетекчиси А. Карыпкулов, мурдакы мамлекеттик катчы О.Ибраимов, мурдагы башкы прокурор Ч.Абышкаев, мурдагы ички иштер министри Т. Акматалиев, мурдагы вице-премьер К. Осмонов, ошондой эле сегиз журналист бар. Алдын ала таратылган маалыматтарга караганда, комиссия ошондой эле жарандардын тынчтык жүрүшкө укугун камсыздабаганы үчүн экс-президент Аскар Акаевди, азыркы президент Курманбек Бакиевди, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кол тийбестик укугунан ажыратып, сот жообуна тартууну сунуш кылууда. Бүгүн комиссиянын төрагасы Садырбаев эки жарым саат билдирүү жасап, соңунан комиссиянин иши тууралуу 30 мүнөттүк тасма көрсөтүлөрү күтүлүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG