20 миллион долларды 2012-жылдын 31-декабрына чейин Айга роботту биринчи жеткирген ишкана алат. Компания тараткан билдирүүдө, робот Жерге видеорепортаж берип турушу керек деп айтылат. Айга роботту экинчи болуп жеткирген топ беш миллион доллар алат. Мындан сырткары америкалык же советтик алгачкы экспедициянын изин таба алган ишканага дагы беш миллион доллар сыйлык белгиленген.
“Гугл” интернет-компаниясы Айга учкучу жок экспедиция жөнөткөн жеке ишканага сыйлык берет