Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

9:40 Кытайлыктар Кыргызстанда “Контимост” аттуу журнал чыгарат


Бул тууралуу “Синьцзиянь экономикалык гезити” медиа-холдингдин президенти Су Цзи Шак баштаган кытай журналисттеринин мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен жолугушуусунда маалым болду. Анда мамлекеттик катчы биринчи Ысыккөл кинофестивалынын жыйынтыктары боюнча маалымат берди. Ал иш-чарага кытайлык өкүлдөр жигердүү катышканын, тараптар бул жаатта бир катар долбоорлорду ишке ашырууга макулдашканын белгиледи. Су Цзи Шак өз кезегенде эки өлкөнүн алака-байланышын бекемдөөгө өбөлгө болчу “Контимост” аттуу журнал чыккан жатканын билдирди. Журналдын алгачкы саны эмки айда жарык көрмөкчү жана биринчи орус андан соң кыргыз тилинде чыга баштайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG