Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

КЫЛМЫШЫ БАРЛАР КЫРК БИРГЕ ЖЕТТИБИ?


«Агым» гезити өкмөттүн баасын бүгүн ЖК сессиясы берерин, ал бүткөн соң Аксы окуясы боюнча депутаттык комиссия төрагасы Д.Садырбаев комиссия чыгарган тыянакты жарыя окуурун, видеосюжеттер менен коштолгон бул доклады Кыргызстандын элине түз көрсөтүүгө МТРК макулдук бербей койгонун, Д.Садырбаевдин баянын парламенттик радиодон Чүй боорундагы калк гана уга аларын, бирок кызыккандар болсо анын толук текстин же компакт-дискини депутаттын өзүнөн алса болорун маалымдады. Гезит ошондой эле «24кg» маалымат булагына шилтеме кылуу менен Аксы окуясын кайрадан иликтеген ЖК комиссиясы баш-аягы 41 кишиге, алардын ичинен 8 журналистке, атап айтканда КТРдын мурдагы вице-президенти М.Мамбетакуновго, «Кыргыз туусу» гезитинин мурдагы баш редактору А.Матисаковго, «Эркин тоо» гезитинин мурдагы баш редактору Э.Калдаровго, журналисттер Н.Кочкоров, Б.Алыкулов, Ү.Касыбеков, К.Сыдыкова, Д.Кыштобаевге кылмыш ишин козгоо маселесин койду деген маалымат таратты..

«Жаңы кылым» гезити «Абыке Манастын дүнүйөсүнө кызыкса Абыкеев Манастын эмнесине кызыгат?» деген макала басып, анда маанилүү иштер менен жүргөн мамлекеттик катчы А.Мадумаровго да көө сыйпап, ал эмес президенттин өзүнө чейин көөлөп атканы менен иши жок… ал эми мурдагы мамкатчы Д.Сарыгулов мырза казына дегенде көзү жайнап «казына операциясына» Абыкеевди күүлөп коюп мыйыгынан күлүп олтурат деп маалымдады.

«Кыргыз руху» гезитине депутат С.Урманаевдин Кыргызстандын автотранспорт саясатынын азыркы абалы тууралуу президент К.Бакиевге жолдогон каты, Чүйдүн Кара Суу, Ново Павловка, Ак Башат, Эриктүү, Ставрополовка, Степное,Төлөк, Беш Терек айыл тургун өкүлдөрүнүн жана «Асыр» деп аталган экологиялык уюм мүчөлөрүнүн кайрылуусу «Ганси кетсин!» деген теманын алдында жарык көрдү.

«Жаңы ордо» гезити Кара-Кечедеги көмүр маселесине багышталган макаласында кенди Н.Мотуев басып алганга чейин андагы «Ак улак» мамлекеттик ишканасын Тилек Сабыров башкарганын, ишкана анын учурунда 107 миллион сом карызга батканын, айың кеп-сөздөргө караганда көмүрдүн акчалары Акаевдин үйбүлөсүнүн чөнтөгүнө түшүп турганын, ошон үчүн Т.Сабыровду керек болсо олтургузуп, жегендерин кустуруш керек эле, Акаев доорундагы жеп-ичкендердей эле ал бүгүн деле чалчактап басып жүрөт деп билдирди.

«Новый Кыргызстан» гезити кыймылсыз мүлк менен иштеген агенттиктердин божомолуна таянуу менен бир айдан кийин Бишкекте үйлөрдүн көкөлөп турган баасы жерге түшөрүн же 15-20 пайызга чейин арзандарын кабарлады. Ушу тапта борбордогу эки бөлмөлүү квартиранын баасы 5—55 миң доллар турат. Арзандоонун себебин гезит дүйнөлүк финансы кризиси менен байланышкан деп түшүндүрдү.

Ушул эле гезит дагы бир маалыматты, Бишкектин Ленин райондук салык инспекциясынын начендиги, республиканын каржы министринин бир тууганы Нурлан Жапаров Түркиянын төрт жаранын сабап койгон деп шектелип, Таластын райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылганын, бирок жиберилген чакырыкты бир нече жолу тоготпой койгонун, буга байланыштуу жакында аны суракка алуу үчүн милийсага күч менен алап баруу маселесин койгонун кабарлады.

Нарын шаарынан болжолу 40 чакырым чыгыш тарапта Жетим тоо деп аталган тоо кыркалары башталат. Мына ушул жерде болжолдуу маалыматтарга караганда 10 миллиард тонна темир кенинин кору бар. Мындай маалымат Совет энциклопедиясында да учкай жазылган… Бирок Кытай мамлекети бул тарапта эки жылдан бери чалгындоо иштерин жүргүзүп келатат, анткени кытайларга сатып ийген Үзөнгү Кууш менен Жетим тоонун аралыгы ашып кетсе алтымыш чакырым. Кытайлар бүгүн так ушул Жетим тоонун түштүк тарабы менен өз өлкөсүн көздөй жол салып баратат, ошентип Чоң Нарын капчыгайы менен кеткен жолду буга дейре Тянли деген фирма салып келсе, быйыл аны Финлин деген фирма алмаштырган… Кыскасы эми Жетим тоо казылса экологиялык кесепет ошондо чындап болорун, ансыз да Нарын аймагында саздар кургап, суулар байып, кышкысын кар жаабай калганын «Заман Кыргызстан» гезити баяндады.

Президент шаар бийлигиндеги атка минерлерди чакырып алып, Бишкекти таштанды басып баратканын айтты эле, алар бечара шаарды чындап эле таштандыдан арылтабыз деп, акылдуураак болуш үчүн бир жума мөөнөт алышты, деп белгилеген «МСН суббота» гезити шаардын президент өтчү көчөсү гана тазаланарын, ал эми калган көчөлөр, кичирайондордун арасы, эс алуучу парктар баягыдай эле кулаган шишелердин, түкүргөн кишилердин, пакеттер менен кагаздардын мекенине, айрыкча кезинде таптаза болуп агып туруучу Чоң Чүй Каналы бүгүнкү күндө көр-жер, акыр-чикир толгон бирдемеге айланганын, шаар тургундары болсо мындай ыпластык менен күрөшүүнүн ордуна көрүнгөн жерди булгоону өзүлөрү адат кылып алганын жаны кейүү менен кеп кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG