Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

10:15 Саламаттыкты сактоо министрлиги Ошто баардык ооруканаларга түшкөн балдарды текшерүүгө милдеттендирилди


Өкмөттүк жыйында “СПИД” республикалык бирикмесинин башкы деректири Сагыналы Маматов ВИЧ-инфекциясынын жуктуруп алгандардын саны боюнча Ош аймагы биринчи орунда, андан кийин Чуй облусу тураарын маалымдады. Оштогу Ноокат районундагы кырдаал тууралуу билдирип, 684 балдардын токсон пайызы медициналык текшерүүдөн өтүп, бүгүнкү күндө 22 адамдан ВИЧ-инфекция табылганын кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө Оштогу кырдаалга байланыштуу Саламаттыкты сактоо минстрлиги менен донорлук уюмдардын 2007-2010-жылдарга белгиленген иш-аракеттеринин бирлешкен планы сунушталды. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарына ылайык талкуу соңунда вице-премьер-министр Досбол Нур уулу аталган министрликке Ошто ооруканага түшкөн баардык балдарды жана кош бойлуу аялдарды милдеттүү текшерүүдөн өткөрүүнү, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана кан куйуу борборлоруна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG