Аталган бирикме 13-сентябрда “24 kg” маалымат агенттигине жарыяланган “Михаил Фаворов: Кыргызстанда жүздөй бала ВИЧ-инфекциясына кабылган” деген маалыматка тактык киргизип, оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун башчысы М. Фаворов “токсон алтыдан жүз сегиз балага чейин” деп айтуу менен, ал өздөрүнүн эсебинде ушунча болушу мүмкүн делген санды айтканын маалымдады. “СПИД” республикалык бирикмесинин маалымат боюнча 2003-жылдан бери өлкөдө 30 бала ВИЧ-инфекциясы менен катталган. 2003-2006-жылга чейин бул илдет он үч балага, быйыл 17 балага жуккан. (EBM)
10:35 “СПИД” республикалык биркме: Кыргызстанда ВИЧ илдетине жүздөй эмес, 30 бала кабылган