Бул туурасында “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Улан Эсенгелди кабарлады. 26-майда “”Жерүй” алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык иш-чаранын катышуучулары өкмөт башчынын кортежине таш ыргытты деген айып менен он кишинини үстүнөн кылмыш иши козголгон. Сотко бүгүн ал он кишинин бирөөсү, жарандык коомдун өкүлү Арзыкан Момунтаева гана келди. А. Момунтаеванын “Азаттыкка” билдиришинче аларга соттон чакыруу кагазы келген эмес, бүгүн эртең менен оозеки гана уккан. Сотто иши каралып жаткандарды коргоп келген айыл тургундары орозону учурунда соттун ишти карап баштаганын эп көрбөй жатышат. (EBM)