Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:14

14:01 Конституциялык сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти


Бүгүн конституциялык сот ноябрь жана декабрь конституцияларын кабыл алуунун мыйзамдуулугу боюнча депутаттар М.Эшимканов жана К.Карабековдун арызын карады. Алар 2006-жылы декабрь, ноябрда кабыл алынган конституцияларды жокко чыгарууну талап кылышууда. Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиев жана президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев өткөн жылы конституция мыйзам чегинде кабыл алынганын белгилешти. Тараптардын жүйөөлөрүн уккандан кийин конституциялык сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG