Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:27

18:28 Жалалабатта казыналык каражаттар менен чет элдик гранттарды кайтаруу алымсындырбайт


Бул тууралу бүгүн облустук бийликте өткөн кенейтилген жыйында сөз болду. Базаркоргон район акими Айтмамат Осмоновдун айтымында 6 миллион сомдон ашык бюджеттик ссуданын тогуз жарым пайызы, 16 миллион сомдук жапан грантынын 1 пайызы гана өндүрүлгөн. Өкмөттүн материалдык резервдер корунан алынган аштык буудайды кайтаруу 7 пайызды түзгөн. Аксы районунда өкмөттөн мурда берилген казыналык каражаттардын бир пайызы да топтолбогон. Кытай жана жапан өлкөлөрү берген гранттарды төлөөнүн абалы да алымсындырарлык эмес. Карыздарды төлөөнүн создугушу элдин колунда жетиштүү каражаттардын болбой, жоопкерчиликтин начарлап, буудай жана башка дан азыктарынын аз айдалып, түшүмүнүн төмөн болгондугу менен түшүндүрүлүүдө. (YA)

XS
SM
MD
LG