Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

18:32 Жалалабаттын пахта талааларында жумушчу күчү жетишпейт


Облустун дыйкандары ишке жарактуу жаштардын көпчүлүгү Орусия жана Казакстанга иш издеп кеткендигине байланыштуу жардамчыларга муктаж болууда. Жалалабат аймагынын район-шаарлары быйыл былтыркыдан пахтаны жети миң гектарга аз айдашкан. Күн сайын пахта теримге Өзбекстандык жүздөгөн жарандары өтүп келишет. Базаркоргон жана Ноокен, Аксы райондорунда алардын килограмм пахта тергенине бир сом элүү, бир сом жетимиш тыйындан акы төлөшүүдө. Андан сырткары жол акылары менен күндүк тамагын да берип, пахта өстүрүүгө зарыл каражаттардын бардыгы кымбат болгондугунан жалалабаттык дыйкандардын жаздан берки мээнети текке кетчүдөй. Пахта баасынын жумшалган мээнетти актаар түрү жок. (YA)

XS
SM
MD
LG