Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

18:42 Ысыккөлдө коомдук бирикмелер мектептерде билим берүүнүн сапаты боюнча иликтөө жүргүзүштү


Каракол, Балыкчы, Тоң жана Жетиөгүз аймактарынын өкмөттүк эмес уюмдары, ата-энелер жана мугалимдеринен турган атайын топ 14-сентябрда Чолпоната шаарына келип, облустагы жалпы билим берүүчү мектептерде билим берүүнүн сапаты эмнеге төмөндөп кеткенин эки ай бою иликтегенин белгилешти. Ал үчүн “Шоолакөл” коомдук бирикмеси атайын анкета таратып, элге социалдык изилдөө жүргүзгөндө 70 пайызы билим берүү начарлаганын билдирген. Чогулгандар бул тармакты кантип жакшыртуу жөнүндө кеңири сунуштарын талкууга коюп, аны тиешелүү жетекчилерге жөнөттү. Бул тегерек үстөлдү демократияны колдоо боюнча Вашингтон улуттук фондусу уюштурду. (RB)

XS
SM
MD
LG