Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

ДҮЙНӨДӨГҮ ДИНИЙ ЭРКИНДИКТИН АБАЛЫ


АКШда Мамлекеттик департамент дүйнөдөгү диний эркиндиктин абалы боюнча кезектеги жылдык отчетун жарыялады. Учурда согуш менен катар демократия орнотуу аракети жүрүп жаткан Ирак менен Ооганстанда, отчетто белгиленгендей, диний эркиндиктер жаатында проблемалар бар. Ошондой эле бул чөйрөдө мурда катуу камтамага салган айрым өлкөлөрдө анча-мынча жылыштар бар экени да айтылат. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Вашингтондогу маалымат жыйында диний экиндиктер боюнча отчеттун ушул аптада жарыяланышын эки нерсеге: дүйнө мусулмандары ыйык Рамазан айын баштаганына, ал эми жөөт калкы өз салты боюнча жаңы жылды белгилеп жатканына байланыштырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти белгилегендей, дин эркиндиктери көп учурда демократия үчүн күрөштүн да курмандыгы болуп калууда. Мамлекеттик департаменттин диний эркиндиктер бөлүмүнүн башчысы, элчи Жон Ханфорддун айтымында, Ирактын мисалында проблема көбүнесе өкмөт дин эркиндикттерин урматтабаганына эмес, коопсуздук боюнча өлкөдөгү начар кырдаалга байланыштуу. Ирактын конституциясы дин эркиндигин бекем эле кепилдейт:

- Анткен менен диний азчылыктар алсыз, кээде санын көп эместигинен жана бирикмесинин жоктугунан улам. Көп учурда адамдар кайчылаш атылган окко кабылууда. Ал эми азчылыктардын мисалында, атайлап кайсыл бир топко багытталган учурлар бар. Биз кептелип жаткан реалдуу проблема- диний жүйөөдөгү кыянатчылыктар түздөн –түз диний практикага багытталган эмес, ошол эле учурда диний практика да мындан жапа чеккенге алып барууда.

Ал эми Ооганстанда, мамдепаратменттин отчетунда белгиленгендей, диний толеранттуулук жагынан маселе бар. Анткени ооган Конституциясы баардык мыйзамдар исламга ылайыкташтырылуусун талап кылат.

Диний эркинндиктер маселесинде өзгөчө кабатырланткан өлкөлөр ирээтинде Мамдепартаменттин отчетунда сегиз мамлекет аталган. Алар: Иран, Өзбекстан, Бирма, Кытай, Эритерия, Сауд Арабия, Судан, Түндүк Корея. Маселен, отчетто белгиленгендей, Иранда диний азчылыктардын укуктары айрыкча тебеленүүдө. Элчи Жон Ханфорд жагдайды мындайча мүнөздөдү:

- Иранда режимидин бахаилерге карата репрессиясы аяоосуз жана шийи эмес диний топтордун баары, анын ичинде суфи мусулмандар, кээ бир христиан топтору жана жөөт коомчулугунун өкүлдөрү үчүн коркунчутуу жагдай түзүлгөн.

Борбор Азияда, отчетто айтылгандай, дин эркиндиктери Түркмөнстанда Өзбекстанга караганда дурусураак. Мамдепартаменттин өкүлү Жон Ханфорд белгилегендей, Түркмөнстанда жаңы президент келгени жылыштардын белгиси байкалууда:

- Түркмөнстандын өкмөтү жакында мурдагы баш муфтийди бошотту, ал 22 жылга абакка кесилген эле. Биз диний эркиндиктерди жакшыртуу боюнча кошумча реформалар болот деп үмүттөнөбүз.

Өзбекстанда, мамдепартаменттин отчетунда көргөзүлгөндөй, Конституция дин эркиндигин жарыялайт. Бирок диний уюмдардын баары ошол эле учурда милдеттүү түрдө өкмөттүк каттоодон өтүшү керек. Бул жерде өкмөт муфтийлер менен дин адамдарына ишин кандай жүргүзүүсү боюнча кысым көргөзүүсүн азыр да улантып жаткандай.

Проблемалар Европада да жок эмес. Алсак, Европанын акыркы диктатурасы аталган Беларуста Ортодокс чиркөөсүнө артыкчылык берилген, протестанттар дискриминацияланат.

Европадан АКШнын кеминде эки өнөктөшү: Румыния менен Словакия да диний эркиндиктер боюнча айрым кемчиликтери бар өлкөлөр катары аталган. Мамдепартаменттин өкүлү Жон Ханфорд Вашингтон алар менен диний укуктарды жакшыртуу багытында иштешип жатканын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG