Орусия келерки аптадагы сүйлөшүүлөрдө АКШдан Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу планын ишке ашырууну токтотууну талап кылат. Бул тууралуу Орусиянын космос аскерлеринин штаб башчысынын биринчи орун басары, генерал–майор Александр Якушкин билдирди. Ал белгилегендей, бул маселе Бакудагы сүйлөшүүлөрдө орусиялык делегациянын башкы максаты болмокчу. АКШ, Орусия жана Азербайджандын эксперттери Азерабайджан аймагындагы Габала радардык станциясын биргелешип пайдаланууну талкуулоо үчүн 18-сентябрда Бакуда жолугат.