Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:26

«ӨНӨРҮҢ БОЛСО ӨРГӨ ЧАП»


“Өнөрүң болсо өргө чап” дегендей 23 жаштагы жаш комузчу-аткаруучу Тынчтык Чуйтиев Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын маданият башкы редакциясы уюштурган республикалык “Чабыт” аттуу жаш аткаруучулардын телесынгында залкар шайырлар Карамолдонун, Токтогулдун, Ыбырайдын чертүүгө оор, татаал кайрыктарындагы кара күүлөрүн так таңшыта тава чертип, баш байгени жеңип алды.

Тынчтык калыстар тобунун мүчөлөрүнө, жүздөгөн угармандар менен көрарамандарга эмнеси жакты? Биринчиден ал кыргыз улуттук консерваторияда окуса да, нота тааныса да абалкы шайырлардын элдик салтын туу тутуп, Карамолдонун, Ыбырайдын күүлөрүн өздөрүнүн чертүүсүндөгү түп нускадан угуу менен үйрөнүп жүргөнү, экинчиден тигил же бул шайырдын күүсүн чертердин алдында ал эмнеге арналып чыгарылганын таржымалдай айта отуруп черткени аябай жакты жана аябай кубантты. Себеби жаш эле эмес, аттуу-башттуу шайырлардын көпчүлүгү күүлөрдү угуу эмес нота боюнча үйрөнүшүп, нотага сыйбай калган кайрыктарды аттатып-буттатып таштап чертишип келүүдө. Ошону менен бирге тигил же бул күүнүн тарыхын айтпастан, ал эмнеге арналып чыгарылганын өздөрү билишпей, чертет деген ушу дешип черте беришет.

Анда эмесе кеп кезметин Тынчтык мырзага берейин. Ал байыркы аспапты кимдердин таасиринде колуна алып, черте баштаганын айтып берсин:

- Менин атам майда күүлөрдү чертчү, энем ырдоочу. Азыр ойлойм “аккан арыктан суу агат” дегендей комуз кармап, кыл тырмап калышыма атадан балага өттү деп эсептейм. 6-7 жашымдан өз алдымча майда күүлөрдү черте баштадым.

- Алгачкы жолу чоң комузчу-аткаруучулардан кимдерге жолуктуң?

- Мен биринчи жолу консерваторияга өткөнү келгенде белгилуу комузчулар Нурак Абдрахмановго, Руслан Жумабаевге жолуктум. Алардын черткендерин көрдүм.

Анда эмесе эң алгачкылардан черткен залкар күүлөрдөн аткарып берсең?

- Менин тасмадан биринчи жолу үйрөнгөн күүм «Токтогулдун миң кыялы» болду. Бул күүнү Токтогул атабыз алгач “Жаш кыял” деп чертиптир. Кийин Ыбырай атабыз “Миң кыял” деп атап иштеп чыгып, элге тартуулаптыр. Күүдө Токтогулдун “Алымканга” болгон ашыктыгы баяндалыптыр. Күү болсо:
Токтогул черткен “Миң кыял”,
Тыңдасаң боло Алымкан,
Ак шайы жоолук колго алып,
Булгасаң боло Алымкан, - деген шекилдүү ыр менен коштолуп чертилиптир.


- Тынчтык мырза, азыр Токтогулдун “Миң кыялын” черттиң. Көл өрөөнүнөн чыккан улуу комузчулар Карамолдо Орозовдун, Ыбырай Тумановдун күүлөрүнөн билесиңби?

- Ыбырай Тумановдун күүлөрүн чертип жүрөм. Улуу комузчу бүтүндөй күүлөрүн өзү жашаган жаңы заманга арнап чыгарыптыр. Атабыздын күүлөрү көп түстүү кайрыктарга бай, өзгөчө оригиналдуу. Маселен “Жаш тилек” аттуу күүсүн жаштарга арнап чыгарыптыр. Анда билим алып жаткан жаштардын тилеген тилектери орундалып илим сересине жетип жатканы баяндалат.

- Тынчтык мырза, залкар комузчулардын ичинен көбүнчө Карамолдо Орозовдун күүлөрүн чертет экенсиң. Улуу комузчунун күүлөрү сага эмнеси менен жагат?

- Карамолдо атабыз залкар кара күүлөрдүн баштоочусу, негиз салуучусу. Башкача айтканда жалаң караандай кайрыктар менен айтуучу ойду, берейин деген идеяны түшүндүргөн күүлөрдү черткен. Молдокемдин күүлөрү кыргыз элинин канынан, жанынан бүткөн. Атабыздын күүлөрүндө элибиздин кубанычы, кайгысы баяндалган. Маселен айтылуу “Сынган бугу” аттуу күүсүндө өткөн замандагы Ысыккөлдүн бугу уруусунан чыккан Байгазы аттуу кембагал комузчунун арманы баяндалыптыр. Байгазынын адалдуудан түгү, төрүнө жыйган жүгү жок экен. Анын курсагы үч күн ачка, бир күн ток шордуу, томаяктын томаягы экен. Керели кечке байдын оту менен кирип, күлү менен чыгып, өлбөстүн күнүн көрөт. Бирок, анын алтынга да алмашкыс эки кубанычы бар экен. Биринчиси, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу келинчеги, экинчиси үч ичектүү карагай комузу. Бирок, көп узабай байкуш кембагал өзүнүн биринчи кубанычынан ажырайт. Бугу уруусунан чыккан бир ачкөз бай зайыбын тартып алат. Байгазы эмне кылаар аргасы жок, кепке сынып карагай комузун кучактап, какырап калат. Ошондо күйүтүнө чыдай албай “Байгазанын арманы” аттуу майда кайрыктагы күүсүн чыгарыптыр. Карамолдо болсо ал арман күүнү узартып, кайрыктарына кайрык кошуп, энеден кайра төрөлгөндөй көркөмдүктө иштеп чыгыптыр. Байгазынын башынан өткөргөндөрүн айтып, күүнү чертип чыгат. Күүнү уккан саяк, сарбагыш урууларынын жакшылары, айрым шайырлар мыскалдоо, тамашалоо максатында кепке кемтик, сөзгө сөлттүк болуп, шагы сынган Байгазынын күүсүн “Сынган бугу” деп аташып, Карамолдодон мындан кийин “Байгазынын арманы” дебей “Сынган бугу” деп чертип жүр дешип өтүнүшөт. Карамолдо болсо алардын өтүнүчтөрүн кабыл алып “Сынган бугу” деген ат менен эл арасына чертип чыгат.

- Тынчтык мырза, Карамолдонун күүлөрүн бүтүндөй жан дүйнөң менен үзүлүп түшүп аткарат экенсиң. Молдокемдин дагы кандай күүсүн билесиң. Билсең атын атап, тарыхын таржымалдай отуруп чертип берсең?

- Молдокемдин өмүрүнүн акыркы жылдарында чыгарган «Эл тилеги тынчтык» аттуу күүсү бар. Эл арасында көп чертилбей унутулуп бараткан күү. Бул күүсүндө элди ырыс алды ынтымакка, тынчтыкка чакырган патриоттук, атына заты айкалышкан күү. Жалпы турпаты жагынан Ыбырай Тумановдун “Жеңишине” окшошуп кетет. Бирок андан көркөмдүү, кайрыктары мукамдуу, ою терең.

- Тынчтык мырза, эки жыл улуттук консерваториянын даярдоо курсунда окуп жаңыдан биринчи курска өттүң. Устатың кимдер? Комузду элдик угуу, көрүү салты менен үйрөнөсүңбү же нота мененби?

- Биринчи курста Алишерова Гүлбарчын деген эжеден окудум. Экинчи курстан баштап К.Жекшенов агайдан окуп жүрөм. Күүлөрдү жалаң нота менен үйрөнөбүз. Өзүңүз билгендей скрипкалык ачкычка комуз күүлөрүнүн ыкмалары штрихтери батпайт. Ошондуктан угуу, көрүү салты менен күү үйрөнбөсө көп нерселери калып калат. Мен өзүмчө күүлөрдү угуп үйрөнүп жүрөм.

- Тынчтык мырза маегиңе, ар бир угуучуну асылдыкка бөлөгөн залкар комузчулардын күүлөрүн чертип бергениңе чоң ырахмат. Албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Өнөрүң өркүндөй берсин.
XS
SM
MD
LG