Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

10:55 А.Бекназаров: Конституциялык соттун чечими мыйзамга каршы келет


Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров Конституциялык соттун 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айындагы баш мыйзамдын долбоорлорун жокко чыгарган чечимин мыйзамга каршы келет деп эсептейт. Анткени баш мыйзамдын ноябрь жана декабрь айларындагы долбоорлору курч кырдаалдан улам кабыл алынган, саясий чечим болуп саналат. «Мындай кадамдарга барууда биз Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз. Конституциялык сот аны жокко чыгарбашы керек эле. Негизи 2003-жылкы конституция деле 1993-жылкы конституцияга каршы келет. Ал өз кезегинде андан мурдакыга каршы келет. Кеп ошол учурдагы саясий чечим кабыл алынганында»,- дейт А.Бекназаров. (IJz)

XS
SM
MD
LG