Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

13:34 Турсунбек Акун эртең өлкөдө болуп жаткан соңку окуяларга байланыштуу эки билдирүү таратат


Биринчи билдирүүдө “19-апрелдеги митинг учурунда баш аламандык кылган деп айыпталгандарга, Таласта өкмөт башчысы А. Атамбаевдин машинесине таш ыргыткандарга, 23-апрелде Кеминде райондук сотунда баш-аламандык жасаган деп айыпталган Бермет Акаеванын жактоочуларына кылмыш ишин козгоого негиз жок. Аларга административдик жаза колдонулсун. Мындай куугунтук А. Акаевдин убагында дагы болгон эмес”,-деп айтылат. Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акундун экинчи билдирүүсү Баш мыйзамга байланыштуу болот. “Декабрь Конституциясын жокко чыгаруу чечими туура болду. Бирок ноябрда кабыл алынган Баш мыйзам кала бериш керек эле. Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова ноябрда дагы, декабрда дагы Баш мыйзам кабыл алынып жатканда каршылык көрсөткөн эмес. Менин экинчи билдирүүм эки жүздүү саясат тууралуу болот”,-деп билдирди “Азаттыкка” Турсунбек Акун. (ZMa)

XS
SM
MD
LG