“Киношок-2007” аттуу фестивалда көрсөтүлө турган кыскаметраждуу тасмалардын тизмесине режиссер Темир Бирназаровдун “Парз” жана Тынай Ибрагимовдун “Сүт” аттуу тасмалары кирди. Жалпысынан 350 кыска метраждуу тасмадан калыстар тобу жыйырма жети тасманы тандап алды. Толук метраждуу фильмдердин тизмесинде болсо, кыргыз-казак биргелешкен “Бейиш куштары” аттуу тасма бар. Он алтынчы “Киношок-2007” кинофестивалы Орусиянын Анапа шаарында өтөт. Бул фестиваль мурдагы совет өлкөлөрүнүн аймагында эң абройлуу фестивалдардын бири болуп саналат. (ZMa)