“Интербилим” эл аралык борборунун директору Асия Сасыкбаеванын пикиринде, Конституциялык сот чыгарган чечим бир жагынан туура болду. “Бирок мезгил-мезгили менен Баш мыйзамды көтөрө берүүгө болбойт. Эл үчүн кызмат кылган Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу зарыл”,-деп билдирди “Азаттыкка” Асия Сасыкбаева. Жаңы долбоордун иштелип чыгышына коомчулук активдүү катышууга зарыл, деп кошумчалайт укук коргоочу. (ZMa)