Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

16:14 Бермет Акаевага байланыштуу кылмыш иши токтотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, 23-апрелде Кемин райондук сотунда болгон баш-аламындыкка тиешеси бар деген негизде козголгон кылмыш иши далилдердин жетишсиздигинен улам токтотулду. Буга байланыштуу токтомду тергөөчү Алтынбек Гапаров Бермет Акаевага Казакстандын чек арасындагы “Акжол” бекетинин жанында тапшырды. Аны алгандан кийин Б. Акаева укук коргоочу Азиза Абдрасулованын коштоосунда Алматага баласы менен жолукканга жөнөп кетти. (ZMa)

XS
SM
MD
LG