Армения, Азербайжан, Беларус, Молдова сыяктуу шериктеш өлкөлөргө кирген он бешке жакын мамлекеттен элүүгө жакын өкүл Ысыккөл жээгинен салык чогултуунун жаңы ыкмаларын талкуулады. Анда Кыргызстан тарап кошумча нарк салыгын ыңгайлуу жолго салуу ыкмасын башкалардан үйрөнүүгө муктаж экенин да жашырган жок. Салык чогултуу боюнча комитеттин төрагасы Темирбек Курманбековдун айтуусунда, чет өлкөдөн келип, иштеп жаткен ишкерлер канча киреше таап, канча салык төлөп жатканы боюнча маалымат кыйла татаалданганын билдирди. КМШ өлкөлөрүнүн салык кызматынын кеңешине кирген бул топ, салыкты автоматташтыруу жана баардык маалыматтарды электрондук байланыш аркылуу жашыруун код менен тажрыйба алмаштыруу боюнча өз ара макулдашууларга кол коюлду. (RB)