Жекшемби күнкү добуш берүү өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң ири токой өрттөрүнөн кийнкиге туура келип олтурат. Кеминде 65 адамдын өмүрүн алган ал окуялар азыркы премьер- министр Костас Караманлистин өкмөтүнүн жөндөмдүүлүгүнөн күмөн-саноолорду жараткан эле. Премьер- министр Караманлистин бийликтеги "Жаңы демократия" партиясынын бул шайлоодогу башкы атаандашы - Георгиос Папандеру баштаган социалисттер.