Полиция ишемби күнкү демонстрациянын 200дөй катышуучусун камакка алды. Ирактан аскерлерди тезинен чыгарууну жана президент Жорж Бушка импичмент жарыялоону талап кылган миңдеген америкалыктар Ак үйдөн Конгрессти көздөй жүрүш жасашкан эле. Коюлган тосмолорду бузуп, Конгресстин имаратына өтүүгө аракеттенген демонстранттар тобун таратуу үчүн полиция калемпир аралаштырылган суюктук колдонду. Бул күнү Вашингтодо Ирактагы согушту жактагандардын чакан тобу да чогулду. Президент Буш болсо апталык радиокайрылуусунда Ирактан аскерлерди дароо чыгаруу Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарын кайрадан эскертти.