Өлкөнүн түштүгүндөгү курорттук Пхукет аралындагы бүгүнкү кырсыктан расмий өкүлдөрдүн маалыматтарына караганда, кеминде 66 адам каза тапты. МД –80 үлгүсүндөгү учактын бортунда экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 128 адам болгон. Жүргүнчүлөр арасында чет элдиктер көп экени кабарланды. Жергиликтүү авиокомпаниялардын бирине караштуу учак аэропортко конуп жатканда, экиге бөлүнүп кеткен. Ал өлкө башкалаасы Бангкоктон учуп чыккан эле. Кырсык болгон аймакта бүгүн аба ырайы начар болчу. Катуу шамал жүрүп, жамгыр жаап турган.