Бул уюмга мүчө алты өлкөнүн жана байкоочу мамлекеттердин чукул кырдаалдар боюнча министрлеринин жыйыны төрт күнгө созулуп, анын жыйынтыгында бир катар макулдашууларга кол коюлаары күтүлүүдө.Кыргызстандын чукул кырдаалдар министри Туратбек Жунушалиев бул жыйындын алкагында Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрмөкчү.(SM)