Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

КАЗАКСТАН БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСИЙ ДӨӨСҮ БОЛОБУ?


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин өткөн аптада Тажистан менен Түркмөнстанга болгон саякаты батыштык басылмаларда кеңири резонансты пайда кылды.

Түркияда чыгуучу ZAMAN гезитинин кечөөкү санында жарыяланган бир макалада ‘Назарбаевдин кийинки саякаты, кийинки аралыкта кыйла ургаалдашкан лидер саякаттары аркылуу күч алган Борбор Азия жакындашуу жараянына жаңыча дем берди’ деген пикир билдирилди. Макалада баяндалган пикирге ылайык, Назарбаевдин Түркмөнстан жана Тажикстан саякаттары Астананын, Борбор Азиянын экономикалык өнүгүшүнө үлүш кошууга куштар экенинин анык белгиси болуп эсептелет. Назарбаевдин Дүйшөмбү калаасында Тажикстандын президенти Эмомали Рахманга 80 пайызын Казакстан кошо турган биргелешкен инвестиция долбоорун сунуш кылганын кыстара кетип, ZAMAN гезити Түркмөнстан менен талкууга алынган энергетика тармагында кызматташтыкты өөрчүтүүнү көздөгөн долбоорлор тууралуу да чакан маалымат берип, Казак президенти жакында Бишкекте болгон учурунда кыргыз элин өзүнүн эли менен тең эсептеерин белгилеп, Кыргызстанда экономикалык туруктуулукту кармаш үчүн Астана колунан келгендин баардыгын жасаары тууралуу убада бергенин кошумчалай кеткен.

Казакстандын Борбор Азияда өсүп бараткан таасири тууралуу Eurasia View аталышындагы вебсайтта да бир макала жарыялаган. “Алда качантан бери эле Орто Азиядагы жетекчи өлкө болууну эңсеп келе жаткан Казакстан самаган бул максатына аста секин жетип бараткансыйт” деген ой жазылган макалада, Нурсултан Назарбаевдин Түркмөнстан жана Тажикстан саякаттары Казакстандын аймактагы өөрчүп келаткан экспансия саясатындагы соңку кадамдар катары бааланган. Аймактык жетекчилик үчүн болгон таймашта Казакстан менен эрегишип келген Өзбекстан экономикалык өнүгүү жаатынан Казакстандын артында калганы эске салынып, макалада Борбор Азияда экономикалык таасирге ээ болушту каалаган бир гана өлкө Казакстан эмес экени, Росиянын дагы бул аймактагы күчтүү таасири сакталып кала бергени билдирилет.

Frankfurter Algemeine Zeitungта жарыяланган бир макалада Өзбекстандагы саясий абалга сереп салынып, 1989- жылдан бери өлкөсүн башкарып келаткан президент Ислам Каримов динчил экстремизмди өзүнүн авторитардык башкаруусу үчүн алиби катары пайдаланып келатканы бышыкталат. “Өзбекстан канчалык туруктуу бир өлкө” деген суроонун жандырмагын издеп FAZ, “26 миллион элдик саны бар Өзбекстанда жакын арада эл ачарчылыктын айынан баш көтөрүүсү ажеп эмес” деген бир талдоочунун айткан оюн жана “жок андай нерсе эч качан болбойт. Өзбекстанда эл алда качан эле Каримовдун режимине көнүп калган. Алар кандайча натыйжаларга алып барары бүдөмүк кандайдыр бир дүрбөлөңдөн көрө, учурдагы саясий жымжырттыкты жакташат” деген башка бир серепчинин кайчылаш пикирин мисал келтирет.

“Тиги Борбор Азия жумуруяттары жана Россиянын бир бөлөгүндө болгон өңдүү Өзбекстанда дагы СССРдин ыдырашынан кийин кайра ойгоно баштаган исламдык үрп-адаттар мамлекетке каршы туудурулган коркунуч катары тамгаланып, ар кандай саясий оппозиция исламчыл коркунуч катары жектелип куугунтукка алынууда. Ислам саясий куугунтукту жүргүзүш үчүн бийликтегилердин шылтоосуна айланып калды” деп улантылат макала.
XS
SM
MD
LG