Мындай пикирин билдирген депутат Муратбек Мукашев бүгүн парламентте Конституциялык Сот кабыл алган чечимди кезексиз талкуулоону сунуш кылды. Депутат Конституциялык Соттун бир нече арыздын ичинен эки депутаттын арызын карап, чечим чыгарышын Акаевдей Бакиевди да кайрадан биринчи мөөнөткө шайлоо камылгаларын көрүп жатат деп болжойт. Жума күнү Конституциялык Сот депутаттар Кабай Карабеков менен Мелис Эшимкановдун арызынын негизинде Баш мыйзамдын ноябрь жана декабрь редакцияларын жокко чыгарып, 2003-жылкы Конституцияны күчүнө киргизди. (BuS)
09:50 М. Мукашев: Президенттик Конституция жокко чыгарылган шартта президент отставкага кетиши керек