Өлкөнүн түштүгүндөгү курорттук Пхукет аралында кечээ МД –80 үлгүсүндөгү жүргүнчү учак кырсыкка кабылган. Анда экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 128 адам болгон. Ал өлкө башкалаасы Бангкоктон учуп чыккан эле. Жергиликтүү авиокомпаниялардын бирине караштуу учак аэропортко конуп жатканда, экиге бөлүнүп кеткен. Кырсык болгон аймакта кечээ аба ырайы начар эле.