Бул тууралуу бүгүн Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин Бишкек жолугушуусунда маалымдалды. Эки президент Эмомали Рахмон менен Курманбек Бакиевдин чакан жана кеңири чөйрөдө боло турган эртеңки жолугушууларынын күн тартибине чегаралардагы курулуштарга, жайыттарга, суу саясатына байланышкан маселелер киргизилген. Алардын чегинде биргелешкен төрт документ кабыл алынаары болжолдонууда. (BuS)