Буга байланышкан токтомду Борбордук Шайлоо Комиссиясы бүгүнкү отурумунда кабыл алды. Токтомго ылайык бюллетендерди даярдоо БШК мүчөлөрүнүн катуу көзөмөлүндө болот. Ошондой эле БШК Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоо өтө турган үч округга кетчү каражаттардын кошумча сметасын карады. 30-сентябрда Балыкчы, Каракулжа жана Керметоо шайлоо округдарында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болот. (BuS)