Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

14:14 Кабай Карабеков: Конституциялык кризистен кутулдук


Өлкөнү укуктук нукка салуу оппозицияга да, бийликке да жакпайт, деп билдирди акыркы эки Конституцияны жокко чыгарууну сурап Конституциялык Сотко кайрылган эки депутаттын бири Кабай Карабеков. Анын пикиринде ноябрь, декабрь Конституциялары мыйзамсыз, коомчулуктун жана бийликтин кысымы менен кабыл алынган. Ошондуктан, өлкө бир жылга жакын убакыт Конституциялык кризисте жашап келген. Депутаттар Мелис Эшимканов менен Кабай Карабековдун демилгеси менен кабыл алган Конституциялык Соттун чечими мыйзамдык баш аламандыкка алып барат деп парламент мүчөлөрү тынчсызданууда.(BuS)

XS
SM
MD
LG