Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун «Азаттыкка» билдиргенине караганада, Аксы окуясынын учурунда ал Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон. Жогорку Соттун төрагалыгына 2004-жылдын 6-февралында барган. Аксы окуясы Жогорку Сотто каралып жаткан кезде Осмонов өкмөттө биринчи вице-премьер болуп иштеп турган. Ушундай далилдерди келтирген Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Аксы окуясы боюнча парламенттик комиссиянын дооматын төгүнгө чыгарды. Парламенттик комиссия өз отчетунда Курманбек Осмоновду экс-президент Аскар Акаев, азыркы президент Курманбек Бакиев менен бир катарда кол тийбестиктен ажыратууну сунуш кылган (BuS)