Кечээ кечке жуук эки коопсуздук кызматкери Бермет Акаеваны чегарага чейин коштоп барып, Казакстандын аймагына өткөрүп коюшту. Кемин окуясы боюнча кылмыш иштин токтотулгандыгы жөнүндөгү токтомду Бермет Акаеванын колуна чегарада тапшырышты. Экс-президенттин кызы өзүнө байланышкан бул окуя боюнча комментарий бербей, эч кимге даттанбай турган болду. Муну Кемин окуясы боюнча камакта отурган эки адамды бошотуу тууралуу коопсуздук кызматынын убадасы менен байланыштырды. Бул фактыны Коопсуздук кызматынын чектен чыккан иши деп эсептеген укук коргоочу Өмүрбек Субаналиевге, Жыпаргүл Арыковага, апрель митингдерине байланыштуу козголгон толгон-токой кылмыш иштердин мыйзамдуу экендигине ишенбестигин билдирди. Азиза Абдырасулова Бермет Акаеванын кылмыш иштен бошотулуп, тымызын өлкөдөн чыгарылышы эл аралык уюмдардын кысымына же ич ара соодалашууга байланыштуу болушу мумкун деп болжоду. (BuS)
16:14 А. Абдырасулова: Эки коопсуздук кызматкери Бермет Акаеваны Казакстандын аймагына өткөрүп коюшту