Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

17:43 Өзбекстанда соттолгон Кыргызстандын жараны түрмөдөн бошотулуп чыкты


Базаркоргон районундагы мурдагы өзбек улуттук маданий борборунун төрагасы Маматкадыр Карабаев апрель айында Өзбекстандын Анжиян шаарында 8 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ал коңшу өлкөгө Достук чек ара бекети аркылуу өткөнү менен ага Ноокен районуна коңшулаш Маданият чек ара бекетин бузуп өттү деген айып тагылган. Сот маалында Анжиян облус прокурорунун Карабаев Өзбекстандын эгемендик күнүнө карата мунапыс мыйзамынан пайдалынышы керек деген сунушу эске алынган эмес. Базаркоргон райондагы «Аба (Воздух)” атуу коомдук уюмдун Өзбекстандын президенти менен Жогорку Кеңешине жана Жогорку Сотуна кайрылуусунан соң, ал 8 айдан кийин Кашкадарыя түрмөсүнөн эркиндикке чыгып, районго кайтып келди. Бул тууралуу коомдук уюмдун төрагасы Азимжан Аскаров билдирди. Карабаев Аскаровго түрмөдө тиешелүү көрсөтмө берүү талабы менен кыйноолорго туш болгонун жазып берген. (YA)

 

XS
SM
MD
LG