Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

«АЗАТТЫК+»: ИЙГИЛИКТИН ФОРМУЛАСЫ КАНДАЙ?


Аида Касымалиева, Бишкек «Азаттык+» телепрограммасынын сонку чыгарылышы ийгилик темасына арналып, анда ийгилик деген эмне, жаштар ийгиликке кантип жете алышат, ийгилик эмне менен өлчөнөт деген суроолор талкууланды. Ийгиликтин формуласын чыгарууга эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Таалай Асылбеков, ырчы Мирбек Атабеков, спортчу Канат Бегалиев жана психологдор жардам беришти.

20 жаштагы Гүлзада Токтосунова Бишкекте эки чачтарач салонун иштетет. Гүлзаданын ийгиликтүү салон ачууга жардамдаша турган же бай ата-энеси, же башка демөөрчүсү деле жок. Ошондуктан Гүлзаданы ийгилигин өзү жараткан кыз десек толук жарашат. Ал өз максатына кантип жетти?

-Биринчиден, мен бала чагымдан эле адамдарды сулууласам деген ой-максатым бар болчу. Кудай жаштын тилегин берет экен, тилектериме жетип келе жатам. Бир нерсеге жетиш үчүн, аны эңсөө керек. Мен басам-турсам чачтарды эле ойлой берчүмүн.

Экинчиден, жөн эле чач чебери болуп калган жокмун да, Ал үчүн мен окуумду ийгиликтүү аяктадым. Бул үчүн мени окуткан, мага ишенген ата-энеме чоң рахмат. Алар менин окуумдун акчасын төлөп беришкен.

Үчүнчүдөн, мен дагы эле жасап жаткан жумушумду сүйөм, изденем, кызыгам. Мен тандаган кесипте изденүү, өсүү, креативдүү болуу өтө чоң маанигее ээ. Эң кызыктуусу, биздин курстан, 22 бала бүткөн. Алардын арасынан экөөбүз эле өз кесибибиз боюнча иштеп жатабыз. Көбүнчө чачтарачтар азыр жакшы акча табышат деп эле, ата-энелер балдарын зордоп эле окутуп коюшат. Бирок жасаган жумушуңа суз мамиле кылсаң, ийгилик жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.

Төртүнчүдөн, ийгиликке жетүү үчүн аракет керек дейт элем. Бардык эле ийгиликтин артында мээнет жатат
, - дейт өзүнүн ийгилиги тууралуу Гүлзада.

29 жаштагы Таалай Асылбеков быйыл Эл аралык ишкерелер кеңешинин аткаруучу директору болуп шайланды. Ал өзүн ийгилик жолундагы адам деп эсептейт. Ал үчүн ийгиликтин синонимдери ар кыл. Мисалы, бизнестеги ийгиликтин синоними – аброй, репутация, мамлекеттик кызматкердики – тазалык, паракорлукка берилбөө,

-Ийгиликке жеткен киши деп кимди айтсак болот? Биринчиден, бул адамдын профессионалдык деңгээли. Экинчиден, адам өзүнүн аткарып жаткан ишин ичиндеги керемет сезим менен аткарышы керек. Үчүнчүдөн адам өзүнө таандык таланты колдоно билип, аны өрчүтүшү керек. Төртунчүдөн, сиз тандаган кесипте Ким ийгиликке жетишти. Ошол адамды көз алдыңызга элестетиңиз да, аракеттениңиз».

Сиз бүгүнкү деңгээлге кандайча жетиштиңиз деген суроого Таалай Асылбеков

«Сапаттуу билим алуу – каръеранын фундаменти. Биздин үйбүлөдө билим алууга өтө көп көңүл бурулат.

Кыргызстанга аты чыккан жаш ырчы Мирбек Атабеков шоу-бизнес чөйрөсүндөгү ийгиликтин формуласы ишкерлик чөйрөсүнөн айырмаланат дейт.

-Талантыңыз болбосо, шоу-бизнеске аралашпай эле койсо болот. Себеби продюсер, акча, пиар – баары өтө чон роль ойногону менен, булар кошумча нерселер. Дагы бир өтө маанилүү жагдай – бул «жылдыздуу оору» сизге жуккан болсо, анда сиз бир орунда токтоп каласыз же артка кетесиз. Талант демекчи, ырчы болом деген оюңүз бар болсо, жакшы ыр болушу керек. Ал ырды биринчиден профессионалдуу түрдө ырдаш керек, бирок андан да маанилүүсү - жан-дииңиз менен ырдоо, - деди жокко чөкпөгөн, барга көппөгөн Мирбек Атабеков.

Сурамжылоого катышкан жаштардан : «Эгерде адам бул жашоодо «адам» деген атка татыктуу болуп, өз ордун тапса, бул - ийгилик», «Ийгиликке жетишүү үчүн эмгектениш керек», «Эң башкысы бул – билим», «Каалоо керек», « Ийгилик акча менен гана өлчөнөт», «Тескерисинче, акча адамды бузат. Бай адамды сөзсүз ийгиликтүү адам деп атыш кыйын» деген ойлор келип түштү.

23 жаштагы белгилүү спортчу, грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону Канат Бегалиевдин айтымында спортто ийгилик жаратуу талыкпай эмгектенүүдөн гана көз каранды.

-Мен үчүн ийгилик бул - мамлекетке, ата-энеңе, жакындарыңа пайда алып келүү. Анан дагы ар бир адамдын бир нерсеге шыгы болот эмеспи. Ошол шык аркылуу койгон максатыңа жетүү - түбөлүк ийгилик.

Психолог Апилмаажун Кубат уулу ийгиликке төмөндөгүдөй аныктама берет:

-Дүйнөлүк окумуштуулардын айтканына таянсак, ийгилик – бул алдыга койгон максатыңа толугу менен жетүү. Ийгиликке жетпей калуунун объективдүү себептери жок. Белгилүү америкалык журналист Наполеон Хилл айткандай, ар бир адам өзүнө ишениши керек. Бирок, ийгилик – ал жерде токтоп калчу аялдама эмес, бир ийгиликке жеткенден кийин экинчи ийгиликке умтулуш керек, - деди Апилмаажун Кубат уулу.

«Талкуу» рубрикасынын катышуучулары Тимур Кармышев жана Жылдыз Нишарапова «Мамлекет таланттуу жаштарга көмөк көрсөтүш керекпи?» деген темада кайым айтышышты.


Тимур Кармышев, студент:

-Биздин коомдо көпчүлүк жаштар өздөрүн ийгиликсиз деп эсептешет. Себеби көп жаштар өзүнүн алдына кйогон максаттарына жетише албай жатышат. Ошондуктан өкмөт тарабынан «Ийгиликтүү жаштар» лдеген программа сунушталышы керек. Ал программанын ичинде кор түзүлүп, анын ичинде комиссия иштеши керек. Ал комиссия таланттуу, акылдуу улан-кыздарды аныктап, аларды колдоп, түрткү бериши керек. Себеби азыркы көп балдардын, базарда иштеген улан-кыздардын арасында улуу математиктер, биздин келечектеги жол башчыларбыз бардыр.

Жылдыз Нишарапованын айтымында Тимур сунуштап жаткан программа куру-бекер эле сөз:

Сиз айтып жаткан программага окшогон долбоорлор Кыргызстанда бар да. Бирок алар эффективдүү иштебей жатышпайбы. Дагы эч кимге пайдасы тийбеген, коррупцияны өөрчүткөн бир долбоор ишке ашат да. Дагы бир проблема, өкмөт кайсы акчасына ушул программаны ачат? Мын программага келген ийгиликтүү жаштарды деле көрдүнүз го, алардын кимисине өкмөт жардам берди? Баары эле өз күчү менен ийгиликке жетишишкен..

СМС жиберген жана телефон чалган көрармандардын добуш берүусүнө ылайык Тимур Кармышев жеңүүчү болуп чыкты.

Достор, бүгүн кечки саат 8.35 те Улуттук телеканалдан бизди калтырбай көрүңүздөр. Биз бүгүн экологиялык проблемаларга көңүл бурмакчыбыз. Добуш бергиси келгендер үчүн телефон номерлерибиз: (0612) 90 15 41, смс жиберүү үчүн: 0502 06 22 22.

XS
SM
MD
LG