Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

7:18 Бириккен фронттун лидерлеринин бири президенттик администрацияга бөлүм башчы болду


Өлкө башчысынын буйругу менен Курманбек Кубатбеков президент админстрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчылыгынан бошоп, анын ордуна Феликс Куловдун саясий шериги Өмүрбек Суваналиев дайындалганы кечээ кечинде белгилүү болду. Суваналиевге апрель митингдеринен соң массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен кылмыш иши козголуп, өткөн жуманын этегинде ал иш кыскартылган эле. Анын саясий пикирлештеринин бири, «Ар намыс» партиясынын өкүлү Эмил Алиев мындай дайындоого таң калып жатканын, бирок Суваналиевди адис катары бул орунга татыктуу деп эсептээрин «Азаттыкка» билдирди. Өмүрбек Суваналиев 30-сентябрда шайлоо өтчү Балыкчы округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн талапкерлигин коюп, бирок өткөн жумада шайлоого баруудан өз ыктыяры менен баш тартканын жарыялаган.(SM)

XS
SM
MD
LG