Нью-Йорктогу биржада кечээ бул баа ошентип бир жарым доллардай өсүп, бир баррели 80 доллар 57 центке чыкты. Талдоочулар баанын кымбатташын алдыдагы кышта түндүк жарым шарда күйүүчү май таңсыктыгы болушу мүмкүн делген кооптонуулар менен байланыштырууда.