Депутат К. Байболов «Конституциялык Сот укугунан аша чаап пайдаланган» деп билдирди. Анткени, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алып жатканда Конституциялык Соттун корутундусу керек эмес. Ошон үчүн ноябрь айында кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарууга, депутаттын жүйөөсүнө караганда, Конституциялык Соттун колунда укуктук негиз-таяныч болгон эмес. Ошондуктан, К. Байболов Конституциялык Соттун бүтүн курамына ишеним көргөзбөө жөнүндө чечим кабыл алууга депутаттарды чакырды. (KCh)
11:58 К. Байболов Конституциялык Сотко ишеним көргөзбөө жөнүндө чечим кабыл алууга чакырды