«Конституциялык Соттун 1993-жылдан берки кылган иштерине баа беришибиз керек. Комиссия түзүп териштирүү керек»,-деди Азимбек Бекназаров. Анын жүйөөсүндө Конституциялык Сот Конституцияга туура келбеген укуктук актыларды гана жокко чыгарышы керек эле. Анын ордуна алар «Конституциянын өзүн жайлап атышат». Бирок мындай ыйгарым укук Консоттун колунда жок. А. Бекназаров ошондой эле Конституциялык Соттун чечиминин башында президент өзү турат деп билдирди. «Президентке кайрылалы деп атасыңар, президент - бул иштин башында отурган. Самый главный игрок-Садыркулов»,- деди А. Бекназаров. (KCh)