Алардын катарында маданий, агроөнөр жай жана миграция жаатындагы кызматташтык боюнча макулдашуулар бар. Бул документтерге маданият, айыл чарба жана тышкы иштер министрлери кол коюшту Ал эми президенттер Имомали Рахмон менен Курманбек Бакиев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Президенттердин журналисттерге билдиргендерине караганда, тараптар чегараларды иретке келтирүү конструктивдүү, ырааттуу жана тынымсыз сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнү макулдашты. Эки президент ошондой эле эки өлкө ортосунда чегара боюнча тарыхтан келаткан маселелер бар экендигин белгилешти. Тажик президентинин Бишкектеги расмий жолугушуулары түшкө чейин аяктады. Эмомали Рахмон Кыргызстанга бүгүн эртең менен келип, өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен бетме-бет жана кеңири чөйрөдө пикир алмашты. (BuS)
14:04 Тажикстан президентинин Кыргызстанга расмий сапарында эки тараптуу төрт документ кабыл алынды