Мындай токтомду парламент бүгүнкү талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алды.
Анда Конституциялык Сот күчүн жоготкон 2003-жылкы Конституцияга таянып, кийинки баш мыйзамдарды жок кылууда кызматынан аша чапкан, «Конституция жөнүндөгү», «Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөгү» мыйзамдарды бузган деп айтылат. Ошондой эле токтомдун негизинде парламент 1993-жылдан берки Конституцияларга байланыштуу кабыл алынган чечимдерди иликтөө аркылуу Конституциялык сотко баа берүү боюнча парламенттик комиссия түздү. Комиссияга депутат Азимбек Бекназаров төрагалдык кылмай болду. Курамына Кубатбек Байболов, Болот Шерниязов, Алишер Сабиров, Сайдилла Нышанов, Алманбет Матубраимов, Муратбек Мукашев, Раимбек Мамыров жана камчыбек Ташиев киришти.(BuS)